Кыргызстан аэропорттору ААК

Call Directions Website Contact the business

Кыргызстан аэропорттору ААК 🇰🇬✈️ "Кыргызстан аэропорттору" ААК
🇰🇬✈️ ОАО "Аэропорты Кыргызстана"

03/10/2026

«Кыргызстан аэропорттору» ААК өзүнүн ишмердүүлүгүндө мыйзамдуулук, ачык-айкындуулук жана жоопкерчилик принциптерин так сактайт.

Компания коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча системалуу иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүп, ички контролдоо механизмдерин өркүндөтүү менен, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынын сакталышын камсыздайт.

Биздин позиция өзгөрүлбөйт: мыйзамдуулук, ачык-айкындуулук жана коррупциянын бардык көрүнүштөрүнө карата келишпестик мамиле.

25/09/2026

Open Day иш-чарасына катталуу боюнча көптөгөн суроолор келип түшкөндүгүнө байланыштуу видео нускама даярдадык.

Видеодо анкетаны толтуруунун тартиби кадам-кадамы менен көрсөтүлөт: керектүү маалыматтарды кантип көрсөтүү, кызыктырган бош орунду кантип тандоо жана арызды кантип жөнөтүү тууралуу маалымат берилет.

📌Open Day иш-чарасына катталуу 2026-жылдын 30-сентябрынын саат 12:00гө чейин ачык экендигине көңүл буруңуздар.

Катталуу аяктагандан кийин бардык талапкерлерге анкета толтурууда көрсөтүлгөн электрондук почтасына жооп жөнөтүлөт. Андыктан арызды жөнөтүүдөн мурун киргизген маалыматтын жана электрондук почтанын тууралыгын кылдат текшериңиз.

🔗Катышуу үчүн анкетаны толугу менен толтуруп, .kg баракчасынын башындагы шилтеме аркылуу арыз жөнөтүү зарыл.

Open Day иш-чарасында жолугушканча!

✈️✈️✈️

В связи с большим количеством вопросов по регистрации на Open Day подготовили видеоинструкцию.

В видео пошагово показан процесс заполнения анкеты: как указать необходимые данные, выбрать интересующую вакансию и отправить заявку.

📌Обращаем внимание: регистрация на Open Day открыта до 30 сентября 2026 года, 12:00.

После завершения регистрации всем кандидатам будет направлена обратная связь на электронную почту, указанную при заполнении анкеты. Поэтому, пожалуйста, внимательно проверяйте корректность введённых данных и адрес электронной почты перед отправкой заявки.

Для участия необходимо полностью заполнить анкету и отправить заявку по ссылке в шапке профиля .kg.

До встречи на Open Day!

S**T авиакомпаниясы Бишкек – Санья багыты боюнча чартердик программаны ишке киргизет2026-жылдын декабрь айынын башынан т...
25/09/2026

S**T авиакомпаниясы Бишкек – Санья багыты боюнча чартердик программаны ишке киргизет

2026-жылдын декабрь айынын башынан тартып S**T авиакомпаниясы Бишкек – Санья – Бишкек маршруту боюнча түз каттамдардын чартердик программасын аткара баштайт.

Түз аба байланышынын ачылышы Кыргызстандын жүргүнчүлөрүнө Кытайдын популярдуу курорттук багыттарынын бири болгон Хайнань аралындагы Санья шаарына (Кытай) ыңгайлуу жана эч кандай кайра отуруусуз жетүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Жаңы чартердик программа Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы туристтик сапарлар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, Бишкек шаарынан учуп баруучу жүргүнчүлөр үчүн дагы бир кошумча түз каттам болуп калат.

Авиакомпания S**T запускает чартерную программу Бишкек - Санья✈️

С начала декабря 2026 года авиакомпания S**T начнет выполнение чартерной программы прямых авиарейсов по маршруту Бишкек - Санья - Бишкек.

Запуск прямого авиасообщения позволит пассажирам из Кыргызстана удобно и без пересадок добираться до популярного курортного направления Китая - города Санья на острове Хайнань (Китай).

Новая чартерная программа расширит возможности для туристических поездок между Кыргызстаном и Китаем и станет дополнительным прямым маршрутом для пассажиров из Бишкека.

24/09/2026

Asman Airlines авиакомпаниясы COMACтын учактарын сатып алуу мүмкүнчүлүгүн изилдөөдө.

Asman Airlines авиакомпаниясы жана Commercial Aircraft Corporation of China Ltd. (COMAC) жарандык авиацияны өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыкты чыңдап, биргелешип иш алып баруунун жаңы келечектүү багыттарын караштырууда.

Тараптар кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча макулдашып, анын алкагында Asman Airlines авиакомпаниясы үчүн COMAC компаниясы өндүргөн заманбап C909 жана C919 аба кемелерин сатып алуу мүмкүнчүлүгүн изилдөөнү негизги багыттардын бири катары аныкташты.

Кызматташтыктын алкагында COMAC биздин авиакомпанияга C909 жана C919 аба кемелери боюнча зарыл болгон техникалык жана коммерциялык маалыматтарды берет.

Тараптар Asman Airlines авиакомпаниясынын учурдагы жана келечектеги маршруттук тармактарын эске алуу менен, аталган аба кемелерин пайдалануунун натыйжалуулугу боюнча биргелешкен экономикалык эсептөөлөрдү жүргүзүүнү пландаштырууда.
Аба кемелеринин учууга жарамдуулугу жаатында өз ара иш алып баруу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги менен биргеликте COMACтын аба кемелеринин тиби боюнча сертификаттарын Кыргыз Республикасында валидациялоо процессине көмөк көрсөтүү мындан аркы иштин маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Мындан тышкары, Asman Airlines авиакомпаниясынын өкүлдөрү Шанхай шаарындагы COMAC компаниясынын өндүрүштүк объекттерине барып, ал жактан аба кемелерин өндүрүү процесси менен таанышып, кызматташтыктын келечектеги багыттары боюнча предметтүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алышат.

✈️✈️✈️

Asman Airlines изучает возможность приобретения самолетов COMAC.

Авиакомпания Asman Airlines и Commercial Aircraft Corporation of China Ltd. (COMAC) укрепляют сотрудничество в сфере развития гражданской авиации и рассматривают новые перспективные направления совместной работы.

Стороны достигли взаимопонимания по дальнейшему взаимодействию, одним из ключевых направлений которого станет изучение возможности приобретения Asman Airlines современных воздушных судов производства COMAC - C909 и C919.

В рамках сотрудничества COMAC предоставит авиакомпании необходимую техническую и коммерческую информацию по воздушным судам C909 и C919. Стороны планируют провести совместные экономические расчеты эффективности их эксплуатации с учетом действующей и перспективной маршрутной сети Asman Airlines.

Важной частью дальнейшей работы станет взаимодействие в области летной годности и содействие процессу валидации сертификатов типа воздушных судов COMAC в Кыргызской Республике во взаимодействии с Государственным агентством гражданской авиации при Кабинете Министров Кыргызской Республики.

Кроме того, представители Asman Airlines посетят производственные мощности COMAC в Шанхае, где смогут ознакомиться с процессом производства воздушных судов и провести предметные переговоры о дальнейших направлениях сотрудничества.

Хайнань аралындагы Хайкоу шаарында Бишкек шаары менен Кытайдын Санья курорттук шаарынын ортосунда түз аба каттамын ачуу ...
11/09/2026

Хайнань аралындагы Хайкоу шаарында Бишкек шаары менен Кытайдын Санья курорттук шаарынын ортосунда түз аба каттамын ачуу маселеси боюнча жумушчу жолугушуу болуп өттү.

Кыргыз тараптан сүйлөшүүлөргө «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын коммерция боюнча директору Аман Мамаев катышты. Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилигинин жана Кыргызстандагы ШКУ өлкөлөрү үчүн аймактык долбоорлорду коштоо борборунун колдоосу менен өттү.

Кытай тараптан сүйлөшүүлөргө Хайнань провинциясынын ККП комитетинин катчысы Фэнь Фэй баштаган делегация катышты.

Жолугушуунун негизги темасы 2026/2027-жылдардын кыш мезгилине пландаштырылып жаткан Санья – Бишкек – Санья түз авиакаттамын ишке киргизүү болду.

Жолугушуу Бишкекте өткөн ШКУ саммитинин алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин эки өлкөнүн, анын ичинде транспорт жана туризм тармагындагы кызматташтыгын мындан ары чыңдоо боюнча сүйлөшүүлөрүндө жетишилген макулдашуулардын практикалык уландысы болду.

Санья – Хайнань аралынын түштүгүндө жайгашкан курорттук шаар жана Кытайдагы эң популярдуу туристтик багыттардын бири. Шаар тропикалык климаты, деңиз жээгиндеги курорттору жана пляждык эс алуусу менен белгилүү болуп, жыл сайын көптөгөн туристтерди өзүнө тартат.

✈️✈️✈️

На острове Хайнань, в городе Хайкоу, состоялась рабочая встреча по вопросу открытия прямого авиасообщения между городом Бишкек и китайским курортным городом Санья.

С кыргызской стороны в переговорах принял участие коммерческий директор ОАО «Аэропорты Кыргызстана» Аман Мамаев. Встреча состоялась при поддержке Посольства Кыргызской Республики в КНР и Регионального центра проектного сопровождения для стран ШОС в Кыргызстане.

С китайской стороны в переговорах приняла участие делегация во главе с секретарем партийного комитета КПК провинции Хайнань Фэнь Фэем.

Главной темой встречи стал запуск прямого рейса Санья - Бишкек - Санья, который планируется открыть в зимнем сезоне 2026/2027 года.

Встреча стала практическим продолжением договоренностей, достигнутых в рамках прошедшего в Бишкеке саммита ШОС в ходе переговоров Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и Председателя КНР Си Цзиньпина по дальнейшему укреплению сотрудничества между двумя странами, в том числе в сфере транспорта и туризма.

Санья - курортный город на юге острова Хайнань и одно из наиболее популярных туристических направлений Китая. Город известен тропическим климатом, морскими курортами и пляжным отдыхом и ежегодно привлекает большое количество туристов.

03/09/2026

ШКУнун 2026-жылдагы саммити. “Манас” эл аралык аэропорту.

✈️✈️✈️

Саммит ШОС 2026. Международный аэропорт “Манас”.

✈️✈️✈️

SCO Summit 2026. Manas International Airport.

31/08/2026

“Кыргызстан аэропорттору” ААК бардык кыргызстандыктарды өлкөбүздүн Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайт!

Өткөн жыл Кыргызстан үчүн масштабдуу долбоорлордун, ири өзгөрүүлөрдүн жана көптөгөн тармактардагы көрүнүктүү жетишкендиктердин жылы болду. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун жүргүзүп жаткан ири реформаларынын негизинде өлкөбүз мамлекет жана эл үчүн маанилүү болгон демилгелерди ишке ашырып, ишенимдүү өнүгүү жолунда бара жатат.

Өлкөбүздүн бул жаратмандык жолу мындан ары да уланып, Кыргызстаныбыз күчтөнүп, өнүгүп-өсө берсин! Ар бир үйдө тынчтык, бекем ден соолук, бакыт-таалай жана береке болсун!

Майрамыңыздар менен!

Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү кут болсун!

✈️✈️✈️

С Днём Независимости Кыргызской Республики!

ОАО «Аэропорты Кыргызстана» поздравляет всех кыргызстанцев с 35-летием Независимости нашей страны!

Последний год стал для Кыргызстана временем масштабных проектов, больших преобразований и заметных улучшений во многих сферах. Благодаря курсу Президента Кыргызской Республики Садыра Нургожоевича Жапарова страна уверенно развивается, реализуя важные для государства и народа инициативы.

Пусть этот созидательный путь продолжается, Кыргызстан становится сильнее и процветает, а в каждом доме царят мир, здоровье, счастье и благополучие!

С праздником! С Днём Независимости Кыргызстана!

29/08/2026

Президент Садыр Жапаров “Манас” аэропортунун реконструкциядан кийинки абалын текшерди

✈️✈️✈️

Президент Садыр Жапаров проверил состояние аэропорта «Манас» после реконструкции

Президент Садыр Жапаров “Манас” аэропортунун реконструкциядан кийинки абалын текшердиКыргыз Республикасынын Президенти С...
29/08/2026

Президент Садыр Жапаров “Манас” аэропортунун реконструкциядан кийинки абалын текшерди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта, “Манас” эл аралык аэропортуна анын масштабдуу реконструкциядан кийинки абалы менен таанышуу үчүн пландан тышкары барды.

Мамлекет башчысы аэропорттун аймагын, кыргызстандыктарды жана чет өлкөлүк делегацияларды тосуп алууга арналган залдарды көрүп чыкты.

Президент ошондой эле жакынкы күндөрү Кыргызстанга Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн жана иш сапарлар менен келе турган жогорку даражалуу конокторду тосуп алууга аэропорт комплексинин даярдыгы менен жеринен таанышты.

Мамлекет башчысы жооптуу жетекчилерге аэропорттун жана ага чектеш аймактын толук даярдыгын камсыз кылууну тапшырып, тартипти жана коопсуздукту сактоого, протоколдук иш-чараларды так уюштурууга жана келген делегацияларды сапаттуу тейлөөгө өзгөчө көңүл бурду.

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын эл аралык аброюн бекемдөө жана кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн маанилүү аянтча боло турган алдыдагы эл аралык иш-чараларга даярдыкты жогорку деңгээлде камсыз кылуу зарылдыгын баса белгиледи.

✈️✈️✈️

Президент Садыр Жапаров проверил состояние аэропорта «Манас» после реконструкции

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 29 августа, внепланово посетил международный аэропорт «Манас» для ознакомления с состоянием после масштабной реконструкции.

Глава государства осмотрел территорию аэропорта и залы, предназначенные для встречи кыргызстанцев и иностранных делегаций.

Президент также лично ознакомился с готовностью аэропортового комплекса к приему высоких гостей, которые в ближайшее время прибудут в Кыргызстан для участия в саммите глав государств - членов Шанхайской организации сотрудничества, Всемирных играх кочевников, а также с визитами.

Глава государства поручил ответственным руководителям обеспечить полную готовность аэропорта и прилегающей территории, уделив особое внимание вопросам порядка, безопасности, четкой организации протокольных процедур и качественного обслуживания прибывающих делегаций.

Президент Садыр Жапаров подчеркнул необходимость обеспечить высокий уровень подготовки к предстоящим международным мероприятиям, которые станут важными площадками для укрепления международного авторитета Кыргызской Республики и развития сотрудничества.

Address

аэропорт Манас
Bishkek
720042

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Кыргызстан аэропорттору ААК posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Business

Send a message to Кыргызстан аэропорттору ААК:

Shortcuts

Share

Category